Загрузка документа…
ЖАҢЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-декабры № 2
Жаңы-Алай айылдык округунун аймагындагы калкты медициналык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө
Жаңы-Алай айылдык округунун аймагындагы үй-бүлөөлүк даарыгерлер тобунун жана Жаңы-Арык айылындагы ФАПтын жүргүзгөн иштери тууралуу № 5 УДТ башчысы
А. Базарбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Алай айылдык округунун аймагындагы калкты медициналык жактан тейлөөнүн абалы канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Калкты медициналык жактан тейлөөнүн абалын жакшыртуу тууралуу комплекстүү иш-чара иштеп чыгып, аны жетекчиликке алып жүзөөгө ашырууну колго алуу А. Базарбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жаны-Алай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Исмаилов |