Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-декабры № 3
Жаны-Алай айылдык округунун аймагында токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыюусуна богот коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын « Токой кодексинин талаптарына негизденүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин 2011-жылдын 25-августундагы № 01– 13/223 – буйругуна, ушул багытта кабыл алынган Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 17-ноябрдагы № 960 – б буйругуна жана Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 21-октябры № 188 буйругуна ылайык айылдык округдун аймагында токой экосистемасын сактап калуу, токойлордун массалык кыюулусуна жол бербөө, жергиликтүү калктын отун продукциясына болгон муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн айылдык округдун аймагында тез жетилүүчү терек жана кара тал дарактарын отургузуу демилгесин колдоо максатында Жаңы-Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Алай айылдык округдун аймагында тез жетилүүчү терек, кара тал көчөттөрүн жол боюна, арык, канал жээктерине, улуш там арык жээктерине жана плантация тибинде отургузууну уюштуруу боюнча иштелип чыккан Жаңы-Алай айыл округдун тийиштүү иш-чара пландары бекитилсин.
2. Жаңы-Алай айылдык округдун калкынын бир жылдык ишке жарамдуу жана отундук продукцияга болгон муктаждыктарынын эсеби жана 2012-жылдын жаз айларында отургузула турган тез жетилүүчү терек жана кара тал көчөттөрүнүн өлчөмү (саны) тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет).
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айылдык округдун башчысы М. Абдылдаевге, айыл башчыларына жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдук Кеңешинин экология, жаратылыш ресурстары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Алай айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Исмаилов |