Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-декабры № 6
Жаңы-Алай айылдык окрунун аппаратына 2011-жылдын сметасына 2111 статьядан ашып калган сумманы жана он үчүнчү эмгек акыны төлөп берүүнү белгилөө жөнүндө
Жаңы-Алай айылдык округунун кеңешинин план, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына, айыл округунун каржы экономика бөлүмү тарабынан, Жаңы-Алай айыл округунун 2011-жылдын сметасынан 2111 статьядан аппараттан ашып калган сумманы төлөп берүү жана жергиликтүү кирешенин ашыгы менен болгондуктан аппаратта иштегендерге он үчүнчү эмгек акыны эсептеп берүү сунушталган.
Аны талкуулап Жаңы-Алай айыл округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Алай айылдык округунун салык жана башка кирешелердин ашыкча аткарылгандыгын жана аппарттын эмгек акы фондусу каралган сметадан ашып калгандыгын белгилөө менен. Айыл округдун айылдык кеңешинин төрагасына, айыл округдун өкмөт башчысынын сметада каралган бир айлык эмгек акысы компенсация катары эсептелип, от жакканга штат бирдиги жок болгондуктан, от жагарлыкка, кароолчунун сметадагы эки айлык эмгек акысы эсептелип берилүүсү суралсын.
2. Эсептеп берү жагы айыл округдун каржы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Аткарылышын көзөмөлдөө план, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Жаңы-Алай айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Исмаилов |