Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-августу № 19-1
Аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди тамаркаларды жана жайыттарды, ичүүчү сууларды пайдалануунун абалы боюнча айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Кеңеш айылдык округунун аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди тамаркаларды жана жайыттарды, ичүүчү сууларды пайдалануунун абалы боюнча айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык округунун кеңешинин (4-чакырылышы) кезектеги он төртүнчү сессиясынын № 19-1 токтомунун аткарылышы кээ бирлеринин шартка байланыштуу аткарылбагандыктарын эске алуу менен канаттандырарлык экендиги белгиленсин.
2. Айылдык округка караштуу бактарды инвентаризациялоону аягына чыгууну 2011-жыл ичинде бүткөрүү жагы жер адиси Асамидиновко жана айылдык округдун жер комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Жаңы окуу жылы башталганга чейин Ж. Нышанов атындагы орто мектебинин трансформатрды балдардан окчундатуу үчүн тосмолоого карата бөлүнгөн акчаны таап берүү ФЭБнүн башчысы Араповко жана аны аткаруу жагы Балтаевке тапшырылсын.
4. УКБФнун жерлеринин келишими бүткөндөрүн кайрадан аукцион аркылуу конкурстарды өткөрүү жагы жер адисине жана айыл башчыларга жүктөлсүн.
5. УКБФнун жерлеринин суу акысы келишимден сырткары СПА тарабынан өндүрүлөөрү ар бир ижарачыга эскертилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Абдыразаковго тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төайымы |
Кадырова Т. |