Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-августу № 19-1/1
Кеңеш айылдык округунун жайыт комитетинин эсебиндеги жалпы жер аянтынын ичинен жараксыз жерлерди чыгарып салуу жөнүндө
Кеңеш айылдык округунун жайыт комитетинин эсебиндеги жалпы жер аянтынын эсебинде иштетүүгө жараксыз зоокаларда, таштак жана тик өйдө жерлерде жайгашкан жер аянттарын иштетүүгө мүмкүн болбогондугуна байланыштуу, аларды жалпы жер аянтынын эсебинен чыгарып салу жөнүндөгү туруктуу комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык округуна карашатуу жайыт комитетинин чөп жайыттарга деп берилген 4511 га жер аянтынын ичинен иштетүүгө жараксыз зоокаларда, таштак жана тик өйдө жерлерде жайгашкан 2535 га жер аянты кыскартылып алынып салынсын.
2. Жайыт комитетинин чөп жайытынын аянты 1976 га деп эсептелсин деген сунушту бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жайыт комитетинин төрагасы Ө.Орозовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Кадырова Т. |