Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-августу № 19-1/2
Медересе айылынын жашоочуларына башталгыч класс ачуу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө
Медересе айылынын жашоочуларынын башталгыч класс окуучулары мектеп алыс болгондуктан кыштын күнү кыйынчылыктар болгон үчүн элдин суроо-талаптарын канаттандыруу максатында Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куу-майдан айылынын Медересе айылчасынын жашоочуларына башталгыч класстын окуучуларын окутуу үчүн имарат курууга иштетилбей бош жаткан КБФнун жеринен жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Жер аянтын таап, тактап тартып берүү жагы жер адисине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Абдыразаковго тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрайымы |
Т. Кадырова |