Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-августу 19-1/3
Шаңкол айылынын көрүстөнгө деп бөлүнгөн жерди алмаштыруу жөнүндө
Шаңкол айылынын жашоочуларынын суроо-талаптарын негизинде Үч бөлүмүнөн ажыратылып берилген КБФнун жеринн 1,0 га сулуу жери ыңгайсыз болгондуктан, бул жердин 0,50 га жерин Котур булактын Артылма тарабындагы кайрак жерден 1,0 га жерине алмаштырып берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаңкол айылынын Үч бөлүмүндөгү көрүстөн үчүн ажыратылып берилген КБФнун сулуу жеринин 0,50 га жер аянты Котур булактын Артылма тарабындагы кайрак жерден 1,0 га жерине алмаштырылып берилсин.
2. Алмаштырылган жер аянтын таап, тактап тартып берүү жагы жер адисине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Абдыразаковго тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрайымы |
Т. Кадырова |