Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6 августу № 19-1/4
Ак-терек айылындагы көрүстөнгө деп бөлүнгөн жерди алмаштыруу жөнүндө
Ак-терек айылындагы көрүстөнгө деп бөлүнгөн жер атуул Кадыров Токтоматтын үлүш жери болгондуктан, КБФнун жеринен Кадыров Токтоматка жер ажыратып берүү туурасында айыл башчынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-терек айылындагы көрүстөнгө деп бөлүнгөн 1, 20 га жер аянты атуул Кадыров Токтоматтын үлүш жери болгондуктан, КБФнун жеринен Кадыров Токтоматка 1, 20 га жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Алмаштырылган жер аянтын таап, тактап тартып берүү жагы жер адисине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Абдыразаковго тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрайымы |
Т. Кадырова |