Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-августу 19-2
Кеңеш айылдык округунун аймагында түзүлгөн участкалык шайлоо комиссиясынын курамына сунушталган талапкерлерди көрсөтүү боюнча жамааттардын протоколдорун бекитүү жөнүндө
Кеңеш айылдык округунун аймагында түзүлгөн участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди сунуштоо боюнча жамааттар тарабынан өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдорун бекитип берүү жөнүндөгү айылдык округдун маселесин угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык округунун аймагында түзүлгөн участкалык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди сунуштоо боюнча жамааттар тарабынан өткөрүлгөн чогулуштардын протоколдору бекитилсин. (протоколдор тиркелет)
2. Участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жамааттар тарабынан сунушталган талапкерлердин документтерин тактап берүү жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Аймактык шайлоо комиссиясына тапшыруу жагы жооптуу катчы Шадыбековага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык округдун башчысынын милдетин аткаруучу Нышанбай уулу Курсаналиге жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрайымы |
Т. Кадырова |