Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20 сентябры №21
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо жана Референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы № 105-токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндөгү жобонун 36-пунктуна ылайык депутаттардын Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна 15 депутаттын ичинен 8 добуш алган талапкер Кудайбердиев Калмамат Тайирович Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлансын деген эсептөө комиссиясынын 2011-жылдын 20-сентябрындагы протоколу бекитилсин.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрайымы |
Т. Кадырова |