Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-ноябры 22-1/1
(Социалдык, маданий, билим берүү, миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияныны билдирүүсү угуп жана талкуулап
Айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү, миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияныны билдирүүсү угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык окуругун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектеп директорлоруна төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
-иш-кагаздары менен иштөөнү жакшы жолго коюуусу.
-мектептин муктаждыгына карата бөлүнгөн акча каражатын талап кылып алуу жагы
-көмөкчү чарбадан түшкөн акча каражатын муктаждыкка жараша үнөмдүү пайдалануусу.
-Балдардын ысык тамагы үчүн келишимде көрсөтүлгөн наркта тамак-аш продуктуларын жеке ишкерлерден талап кылып алуусу.
-мектептин санитардык абалына, жылуулугуна катуу көзөмөл жүргүзүүсү.
-социалдык жактан коргоого муктаж балдардын тизмесин тактап, аларга жардам көрсөтүүнү колго алуусу.
-мектеп окуучуларынын жана мугалимдердин медициналык кароодон өтүүсүн талап кылуу жана оорусу бар балдарды каттоого тургузуп, дарыгердин көзөмөлүндө болуусун камсыз кылуу.
- Оорусу бар деп табылган кызматкерлерди дарыгердин уруксаты менен ишке алуусу.
2. Айылдык округ башчысына:-айылдык кеңештин токтому менен мектептерге, балдар бакчаларына, медицина мекемелерине бөлүнгөн акча каражатын толук бөлүнүп берилишин камсыз кылуусу.
- мектеп директорлорунун сураныч каттарын өз убагында карап, тийиштүү чараларды көрүүсү.
-мектептин көмөкчү чарбадан түшкөн акча каражатына катуу көзөмөл жүргүзүүсү.
-Ак-чабуу орто мектебинин 1-класынын окуучуларына ылайыктуу парта, стол, стулдар менен камсыз кылууну жогору турган органдардан сурануусу.
3. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү, миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянынын төрагасы Э. Көккөзовко тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрайымы |
Т. Кадырова |