Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-ноябры № 22-4
2012-жыл үчүн жергиликтүү салык жана салык эмес төлөмдөрдүн өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Кеңеш айылдык округунун айыл өкмөтүнүн “Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын 2011-жылдын 3-ноябрындагы №08-6/582 сандуу катын аткарууга алуу максатында Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңешинин депутаттарына 2012-жылдын бюджети үчүн Кыргыз республикасынын Салык Кодексинин негизинде жергиликтүү салык жана салык эмес төлөмдөрдү бекитип берүү жөнүндөгү” сунуш катын угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык округунун айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 327, 339 жана Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөр жөнүндөгү мыйзамынын 12/1 жана12/2 беренелеринин негизинде 2012-жыл үчүн төмөндөгүдөй салык коэффиценттери бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын салык кодексинини 339-беренесинин 4-бөлүкчөсүнүн негизинде “Айыл чарбасына арналбаган жер салыгынын зоналдык коэффиценти” (К1) 0,9 .
3. Кыргыз Республикасынын салык кодексинини 327-беренесинин 8-бөлүкчөсүнүн негизинде “Мүлк салыгынын ишкердүүлүк кызмат көрсөтүүсү боюнча коэффицент” (К2) 0,3
4. Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөр жөнүндөгү мыйзамынын 12/1- беренесинин негизинде айылдык округдун аймагындагы таштанды ташып чыгаруудан алынуучу юридикалык жана физикалык тараптардан (жеңилдик алуучулардан башкалары) 60 сом өлчөмүндө салык ставкасы.
5. Кыргыз Республикасынын салык эмес төлөмдөр жөнүндөгү мыйзамынын 12/2- беренесинин негизинде айылдык округдун аймагындагы автотранспортторду парковкалоо ажыратылбагандыгы белгиленсин.
6. Токтомду бектип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык округдун ФЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу Мадраимовко жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеӊешинин төрайымы |
Т. Кадырова |