Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-апрели №19-4
Көк-Жар айылдык округунун аксакалдар сотунун курамын бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айылдык округунун аксакалдар сотунун курамын тактоо максатында Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык округунун аксакалдар сотунун курамы 5 кишиден түзүлсүн.
2. Көк-Жар айылдык округунун аксакалдар сотунун курамы төмөндөгүдөй болуп бектилсин:
-Кадыралиев Акмат-аксакалдар сотунун төрагасы;
-Ысмайылов Урузвай-аксакалдар сотунун төрагасынын орун басары;
-Жалалов Абдилла-аксакалдар сотунун мүчөсү;
-Мустапаев Сабыр- Борбаш айылынын тургуну
-Акматалиев Мадумар- Каранай айылынын тургуну.
3. Аксакалдар сотунун мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын аксакалдар соту жөнүндөгү мыйзамына ылайык иш аракеттерди жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Аксакалдар соту тарабынан иш-аракеттерди жүргүзүүдө сарпталуучу чыгымдарды каржылоо жагы айылдык округуна жүктөлсүн.
Кок-Жар айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
А. Исраилов
|