Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-апрели №19-6
Көк-Жар жайыт комитетинин төрагасы А. Карабаевдин айылдык кеңешке жазган катын кароо жөнүндө
Көк-Жар жайыт комитетинин төрагасы А. Карабаевдин айылдык кеңешке жазган катынын негизинде Көк-Жар айылдык округунун жайыт жерлериндеги мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык округунун жайыт жерлерине зыян келтиген учурларда төмөнкүдөй жазаналар салынсын:
- Жайыт жерлериндеги токойлорго зыян келтирсе , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 17-августундагы №403 токтомунун 3-пункутуна ылайык жазана салынсын.
- Жайыт жерлериндеги жер кыртышына зыян келтирген учучрларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-сентябрындагы №668 токтомуна ылайык жазана салынсын.
- Жайыт жерлериндеги жаныбарлар дүйнөсүнө зыян келтирген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 17-августучдагы № 402 токтомунун негизинде жазана салынсын. (тиркеме тиркелет).
2. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык округунун жаыт комитетинин терагасы А. Карабаевге милдеттендирилсин.
Кок-Жар айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
А. Исраилов
|