Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-апрели №19-8
Көк-Жар айылдык, кеңешинин жана туруктуу комиссияларының иш пландгрын бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айылдык кеңешинин жана туруктуу ком^ссияларынын 2011-жылга карата түзгөн иш пландарын талкуулап, айылдык кеңештин мындан аркы иш аракетин жогорулатуу максатында Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин 2011-жылга карата түзгөн иш планы бекитилсин.
2. Көк-Жар айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларыны 2011-жылга карата түзгөн иш пландары бекитилсин.
3. Иш планда каралган иш чаралардын аткарылышын камсыз кылуу бардык туруктуу комиссиялардын төрагаларына милдеттендирилсин.
4. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.
Кок-Жар айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
А. Исраилов
|