Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-августу № 20-3
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Көк-Жар айылдык округундагы участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айылдык округунун аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө көрсөтүлгөн талапкерлерди карап чыгып, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 30-октябры күнү болуп өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча Көк-Жар айылдык округундагы участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө жамааттар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Жогоруда бекитилген участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлеринин тизмесин аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү айылдык округдун жооптуу катчысы А. Мамасалиевге тапшырылсын.
3. Жогогрудагы участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө талапкерлерди бекитип берүү жагы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык округдун башчысы Б. Сатыбалдыевге тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
А. Исраилов
|