Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-ноябры № 21-1
Көк-Жар айылдык округунун 2011-жылга карата түшкөн кошумча кирешелердин эсебинин бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Көк-Жар айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана соода сатык боюнча туруктуу комиссиясынын 2011-жылдын 24-ноябрындагы "Көк-Жар айылдык округунун мекеме ишканаларынан түшкөн арыздардын негизинде айылдык округдун бюджетине кошумча булактардан келип түшкөн акча каражатынын эсебинен кошумча сметаны бекитүү жөнүндөгү" № 2 протоколунун чечимин карап чыгып, Көк-Жар айылдык кеңешинин жыйырма биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана соода сатык .ооюнча туруктуу комиссиясынын 2011-жылдын 24-ноябрындагы отурумунун № 2 протоколунун чечими колдоп кубатталсын жана айылдык округдун бюджетине кошумча булактардан түшкөн акча каражатынын эсебинен төмөнкүдөй суммадагы акча каражаттары ажыратылсын жана кошумча сметасы бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржыланган эл аралык финансалык институттардын кредиттерди кайтарууда пайдаланылган таза сууга элдин салымы катары төлөнүүчү 5% дык салымды төлөө максатында айылдык округдун өздүк бюджетинен 137 ООО (бир жүз отуз жети миң) сом;
- "Жарандык коргонуу" боюнча резервдик фондго 50 000(элүү миң) сом
- Айылдык округдун имаратын жылытуу системасын ондоо үчүн 25 ООО (жыйырма беш миң) сом ;
- Мектеп, балдар бакчалары, Көк-Жар ооруканасынын жугуштуу осрулар бөлүмүнүн имратынын алдындагы таза суу түтүгүн орнотуу жана айылдагы кыш мезгилиндеги көйгөйлөрдү ( трансформаторлорду ж.б.у.с) маселелерди чечүү жана коомдук алдын алуу борборунун кабинетине мебель сатып алуу үчүн 200 ООО (эки жүз миң) сом;
- Жаңы жылдык майрамды өткөрүү үчүн 15 000 ( он беш миң) сом;
- Жолбун иттерди атуу үчүн 43 000 (кырк үч миң) сом;
- Ар түрдүү башка чыгымдарга 64 900 ( алтымыш төрт миң тогуз жүз) сом, жалпысы болуп 534 900( беш жүз отуз төрт миң тогуз жүз) сом.
2. 204500 (эки жүз төрт миң беш жүз) сом тиркемеге ылайык бир бөлүкчөдөн башк бөлүкчөлөргө жылдырууда мыйзам чегинде иш алып барып максаттуу пайдалануу жал айылдык округдун ФЭБнүн башчысы Т. Исмановго тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет,экономика жан соода сатык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Козуев
|