Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-ноябры № 21-2
Айылдык кеңештин регламентные тийиштүү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук Агентигинин 2011-жылдын 25-июлундагы № 06Ү06 токтомун жана 2011-жылдын 11-августундагы № 01-9Ү47 буйругун ошондой эле депутаттардын Ноокат райондук кеңешинин 2011-жылдын 17-августундагы № 141 катын аткаруу максатында Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча иштери боюнча Улуттук Агентигинин 2008-жылдагы буйругу менен бекитилген айылдык кеңештин типтүү регламентные төмөнкүдөй тиешелүү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-главанын 16 пунктуна айылдык округдун башчысын шайлоо;
-II бөлүктүн 3-1 главасынын мазмуну « айылдык кеңештин депутаттары же депутаты тарабынан талапкерлерди көрсөтүү тартиби;
-3-1.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңештин депутаттары же депутаты жана райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен депутаттардын жашыруун добуш берүүсү менен айылдык кеңештин шайлануу мөөнөтү бүткөнгө чейин шайланат.
-3-1 2.Айыл өкмөтүнүн башчылыгына депутаттар же депутат тарабынан көрсөтүлгөн талапкер шайлоого 5 жумушчу күн калганга чейин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл:
1) Айыл өкмөтүнүн башчылыгана талапкер катары көрсөтүлгөндүгү жөнүндө айылдык кеңештин чечими
2) Айыл өкмөт башчылыгына талапкер катары макулдугу тууралуу арызы
3) Талапкердин өмүр баяны
4} кадрларды эсепке алуу өздүк баракчасы сүрөтү менен.
5). Соттолбогондугу тууралуу аныктама
6) Нотариалдык жактан тастыкталган эмгек китепчесинин көчүрмөсү
7) Нотариалдык жактан тастыкталган жогорку билими тууралуу дипломунун кечүмесү.
8). Жашагандыгы тууралуу маалым кат
-3-1.3. Айыл өкмөт башчысына талапкерлерди корсөтүүгө айылдык кеңештин депутаттары же депутат укуктуу. Айылдык кеңештин депутаттары же депутат айыл өкмөт башчылыгына бир гана талапкерди көрсөтө алат
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын
3.Токтомду облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүүнү камсыз кылу; айылдык округдун башчысы Б. Сатыбалдыевге тапшырылсын.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Козуев
|