Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-ноябры № 21-8
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 29-октябрындагы №286-6 буйругун аткаруу жөнундө
Көк-Жар айылдык округунун аймагында тез жетилүүчү дарактарды отургузуу менен тбкой экосистемасын сактап калуу максатында Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2011-жылдын 29-октябрындагы №286-6 буйругунда көрсөтүлгөн токой экосистемасын сактап калуу максатында, тез жетилүүчү дарактардын көчөттөрүн отургузуу үчүн Сарыкаңды айылынын "Алмаштын кыры" участкасынан 8,00 га жер аянты ажыртылып берилсин.
2. Сарыкаңды айылындагы "Алмаштын кыры" участкасындагы жер аянтына суу чыгаруу менен ал жерге тез жетилүүчү дарактардын көчөттөрүн отургузууну уюштуруу айылдык округдун башчысы Б. Сатыбалдыевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл, суу чарбасы жана жаратылышты коргоо жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Сатаровго жүктөлсүн.
Көк-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Козуев
|