Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-декабры № 22-2
Ынтымак айылдык округунун бюджетинин 2012-жылга карата план долбоорун түзүүгө карата Ынтымак айыл округуна төлөнүүчү кыймылсыз мүлк, айыл чарба эмес багытындагы жер, автомобилдерди парковкалоочу жайлардын жана таштандыларды чыгаруу боюнча салыктарьш.бекитүү жөнүндө маселени Ынтымак айьлдык округунун кеңеши сессиянын күн тартибинде карап жана талкуулап чыгып
Ынтымак айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл округунун аймагындагы кыймылсыз мүлктөргө карата кЗ коефицетин коюу менен кыймылсыз мүлк салыгы эсептелсин.
2. Айыл чарба эмес багытындагы жер аянттарга карата 0.9 коефицент негизинде салык төлөө эсептелсин.
3. Айыл округунун аймагында автомобиль парковкалоочу жайлар жоктугуна байланыштуу бул салык түрү эсепке алынбасын.
4. Таштандыларды чыгаруу боюнча салыгы 60 (алтымыш) сом өлчөмүндө эсептелсин.
5. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ноокат райондук Кеңешинен суралсьш.
Ынтымак айылдык кеӊешинин төрагасы |
М. Усонов |