Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-апрели № 20-1
Төөлөс айылдык округунун 2010-жылы социалдык экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2011-жылга милдеттери жөнүндө округунун башчысынын А. Баймурзаеванын билдирүүсү жөнүндө Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңеши
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айылдык округунун 2010-жылы социалдык экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2011-жылга милдеттери жөнүндө айылдык округунун башчысы А.П. Баймурзаеванын билдирүүсү эске алынсын.
2. Айылдык округунун экономист-статисти М. Калматовго
-айылдык округунун аймагындагы калктын өнөр жай ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, токтоп турган жана иштеп жаткан тегирмендерди туруктуу иштешин камсыз кылуу ошондой эле жаңы кичи мөмө жемиштерди кайра иштетүүчү ишканаларды ишке киргизүү боюнча иш чараларды көрүү жагы
-айылдык округундагы чарбалык субьектилер менен биргеликте социалдык экономикалык өнүгүү багытыпдагы иш чаралар, пландарын иштеп чыгуу.
3. Ноокат райондук электр тармактар иш канасынын Салиева участкалык бөлүмүнүн мастери Э. Токуровго
-айылдык округундагы электро энергиядан бол гон дебитордук карыздарды өндүрүү боюнча айыл башчылар коомдук уюумдар менен биргеликте чечкиндүү иш аракеттерди жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Айылдык округунун финасы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Нурматовко
-Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө салык жана салык эмес жыйымдарды жыйноодо кошумча киреше булактарын табуу, бюджетик каражаттарды максаттуу пайдалануу, Ноокат райондук статистика бөлүмүнөн каттоодон өтпөгөн ишканалар тегирмендерди каттоодон өткөрүп салыкка тартуу жана 2011-жылга салык жана салык эмес социалдык төлөмдөрдүн болжолдонгон пландарын аткаруу боюнча катуу көзөмөлгө алуу жагы милдеттендирилсин.
5. Айылдык округунун турак жай жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси А Камбаралиевке
-2011-жылдын түшүму үчүн себилген күздүк кылкандуу дан эгиндеринен мол түшүм алуу максатында агротехникалы к эрежелерди туура пайдаланып, жер семирткичтер менен убагында азыктандыруу боюнча дыйкан фермер чарбалардын жетекчилсри менен биргеликте иш алып баруу жагы милдеттендириленн.
-Айылдык округундагы кайра бөлүштүрүү фондунан ижарага жер алып бүгүнкү күнгө чейин ижара акыларын төлөбөй жүргөн ижарачылар менен иш алып баруу жагы тапшырылсын.
-айылдык округундагы чарбалык субьектилер жана ижарачылар менен биргеликте 325 га шарттуу суулуу айдоо жерге 3 (үч) жыл мөөнөт ичинде бак көчөттөрүн отургузуу боюнча пш алып баруу жагы жүктөлсүн.
6. Коомдук алдын ала борборунун жетекчиси
-айылдык округупда коомдук уюмдар жана милициянын участкалык инспекторлору менен биргеликте кылмыштуулуктун алдын алуу, диний экстремизге каршы күрөштүү күчөтүү, айылдар арасында каада салт, үрп адаттарды жайылтуу боюнча иш чаралар алып барүү тапшырылсын.
7. Аскердик кызмат жана паспорттук визалык иштер боюнча инспекторлору К. Гайвалиевке жана А. Досбаевке
-жаштарды аскердик патриоттуулукка тарбиялоо, аскердик кызматты өтөөлөрүн уюштуруу боюнча конкректтүү иш чараларды көрүү жагы милдепендирилсин.
8. Айылдык округунун инвестиция тартуу боюнча Жооптуу кызматкери Н. Аширматовко
-айылдык округунун 2011-2013- жылдарга өнүгүү стратегиясы боюнча тиешелүү долбоорлорду иштеп чыгуу менен инвестицияларды тартуу багытында иш чараларын алып баруу жагы талшырылсын.
9. Айылдык округунун вет инспектору А. Жамбиловко
-айылдык округундагы эпизотиялык абалды турукташуу максатында бир сулозго, сибир жарасы, кутурмага карты эмдөөлөрдү жүргүзүү боюнча иш чараларды убагында аткаруу жагы милдеттендириленн.
10. Айылдык округунун жооптуу катчысы Б. Насировко
-жарандардын арыз даттандырууларын өз убагында кароо, жогорку органдардын жана айылдык округунун токтом. Буйруктарын, аткарылышы боюнча иштелген иш чаралардын айылдык округунун кызматкерлери тарабынан аткаруучулук жоопкерчиликтерин күчөтүү багытында иш алып бару жагы жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Эргешов |