Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-апрели № 20-4
Төөлөс айылдык округунун жергиликтүү бюджетники киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2010-жылдагы аткырылышы, айылдык округунун 2011 -жылга сметалык долбоорун, 2012-2013-жылга болжолун бекитүү жөнүндө
Төөлөс айылдык округунун жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 2010-жылдагы аткарылышы, айылдык округунун 2011-жылга сметалык долбоорун-, 2012-2013-жылга болжолу бекитүү жөнүндө Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңешинин билим берүү саламаттыкты сактоо, сода бюджет экономикалык жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2011-жылдын 16-апрелиндеги № 4-1 токтомун угуп жана талкуулап Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айылдык округунун 2010-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше белүгү 23791,3 миң сомго, чыгаша бөлүгү 23257,7 миң сомго аткарылгандыгы бектилсин.
2. Төөлөс айылдык округунун 2011-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 18773,1 миң сомго жана чыгашалар бөлүгү 18773,1 миң, сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Төөлөс айылдык округунун 2012-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 18957,8 миң сомго жана чыгашалар бөлүгү 18957,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Төөлөс айылдык округунун 2013-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү 18521,5 миң сомго жана чыгашалар бөлүгү 18521.5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Айылдык округунун финансы экономикалык негиздерин чындоо алардын финансылык өз алдынчалыгын жана мамлекеттик каражаттарын максаттуу.сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл округуна тапшырылсын.
Төөлөс айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Эргешов |