Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-апрели № 20-6
Төөлөс айылдык окргунун, үй-бүлөлүк каада салт, үрп адапттарды, ырым жырымдарды жала майрамдык салтанаттарды кыскартуу боюнча жобону бекитүү жөнүндө
Төөлөс айылдык округундагы айылдарда өткөрүлгөн чогулуштарда үй-бүлөлүк каала салттарды, үрп адаттарды, ырым жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча атуулдар тарабынан айтылган сунуштардын негизинде Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айылдык округундагы айылдарда өткерүлгөн чогулуштарда үй-бүлөлүк каада салттарды, үрп адаттарды. ырым жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү, кыскартуу боюнча жобо бекитилсин.
2. Каада салт боюнча айылдарда түзүлгөн комиссия мүчөлөрү жобого негиз иш алып барышсын.
3. Жобону турмушка ашыруу боюнча конкреттүү иш чараларды жүргүзүү жагы айылдык округуна, айылдык кеңешинин депутаттарына жүктөлсүн.
4. Каада салт боюнча жобону бекитии берүү жагы депутаттардып Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы социалдык, маданий билим берүү, спорт саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Эргешов |