Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-апрели № 20-8
Төөлөс айылдык округунуп Жайыт комитетинин отурумунун № 5 Протоколун бекитүү жөнүндө
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айылдык округун; айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Төөлөс айылдык округунун эсебинен өткөрүлүп берилген жайыт жерлер 2304 га жер жайыт комитетинин балансасына жазылган актка негиз кабыл алынсын.
2. Жайыт комитетинин 2011-жылга түзүлгөн бюджети кабыл алынсын.
3. Беш жылдык жана бир жылдык иш пландары бекитилсин.
4. Жайыт жерлерди пайдаланууда мыйзам бузууларга чара колодонуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 403 токтому З-пунктуна ылайык Таксыда көрсөтүлгөндөй айыптар салынсын.
5. Таш, Кум, топурак алуу үчүн, Меркит-Муркут, Орнок, Кеңеш, Тору-Тай, айылдарына Айлама-Караташ жана Суу-Коробос зоналарынан экология бузулбай турган, ал эми Толман, Мадресенин күнгөйүнөн, Жол-Кокту, Сaнгидан жана Жылгын-Сайдан жайытка жараксыз экология бузулбай турган кылып жер көрсөтүп берилсин.
6. Жайыт болуп туруп бирок жайытка жараксыз жерлерден саз, баткак, шор жарташтуу жерлерди мындан ары жакшыртуу максатында арыз жазган адамдарга жайыт билетин жазып берүү менен берилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмелдөө айыл чарба, жер, суу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Эргешов |