Загрузка документа…
ТƟƟЛƟС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-апрели №21-1
Тоолос айылдык округунун аймагында жайгашкан мурдагы «Улуу-Тоо» жылытма комплексинин пайдаланып келген, «Улуу- Тоо» жылытма комплекси жоюлуп, «Улуу-Тоо» жылытма комплексинин жумушчуларынын 1996-жылдын 28-декабрындагы №7-жалпы чогулушунун, Тоолос айыл Ɵкмɵтүнүн 1997-жылдын 8-январындагы №1-сунуш токтомунун жана Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясынын 1998-жылдын 15-январындагы №35 токтомунун негизинде «Жетиген - Ноокат» үрɵɵнчүлүк дыйкан чарбасынын балансасында турган, айыл чарбасына пайдаланууга мүмкүн болбогон 21 га. жер аянтын Тоолос айылдык округунун балансасына ɵткɵзүү жɵнүндɵгү Тоолос айылдык округунун айылдык кеңешинин 2011-жылдын 19- апрелиндеги №20-9- токтомуна негиз түзүлгɵн комиссиясынын маалыматы жɵнүндɵ
Тоолос айылдык округунун айылдык кеңешинин 2011- жылдын 19-апрелиндеги Тоолос айылдык округунун аймагында жайгашкан мурдакы «Улуу-Тоо» жылытма комплексинин пайдаланып келген 1998-жылдын 15- январынан Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясынын № 35-токтомунун негизинде «Жетиген-Ноокат» уроончулук дыйкан чарбасынын балансасына откозулуп берилген, айыл чарбасына пайдаланууга мумкун болбогон 21 га. жер аянты , «Улуу - Тоо» жылытма комплекси жоюлгандан берки мезгил ичиндеги пайдалануусу жана азыркы кунго карата аталган жер аянтынын абалын тактоо боюнча № 20-9 токтомуна негиз түзүлгɵн комиссиясынын маалыматын угуп, Жайылма айылынын тургундарынын 2011-жылдын 29-апрелиндеги жалпы жыйынынын №3- протоколуну жана «Жетиген -Ноокат» урɵɵнчүлүк дыйкан чарбасынын мүчɵлɵрүнүн 2011-жылдын 29-апрелиндеги чогулушунун №1- протоколуну эске алып Тоолос айылдык округунун айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тоолос айылдык округунун айылдык кенешинин 2011 -жылдын 19-апрелиндеги Тоолос айылдык округунун аймагында жайгашкан мурдакы «Улуу -Тоо» жылытма комплексинин пайдаланып келген 1998-жылдын 15-анварынан бери «Жетиген -Ноокат» урɵɵнчүлүк дыйкан чарбасынын балансасына ɵткɵн, айыл чарбасына пайдаланууга мүмкүн болбогон 21 га. жер аянтынын пайдалануусу жана азыркы күнгɵ карата аталган жер аянтынын абалын тактоо боюнча түзүлгɵн № 20-9 токтомуна негиз түзүлгɵн комиссиясынын 2011-жылдын 23-апрелиндеги актысы эске алынсын.
2.Комиссиянын 2011-жылдын 23-апрелиндеги актысына негиз, Жайылма айылынын тургундарынын 2011- жылдын 29-апрелиндеги жалпы жыйынынын №3- протоколуна, «Жетиген- Ноокат» үрɵɵнчүлүк дыйкан чарбасынын 2011-жылдын 29-апрелиндеги №1- протоколуна таянып системалык каттоо мезгилинде «Жетиген -Ноокат» үрɵɵнчүлүк дыйкан чарбасына катталып калган, айыл чарбасына пайдаланууга мүмкүн болбогон 21 га. жер аянтына тиешелүү болгон №5-05-13-0010-0003 кодунун чарба жетекчиси Мурзаев Баратаали Асанбаевичке ыктыярдуу турдо баш тартуусу боюнча Ноокат райондук Кадастр жана кыймылсыз мулкко укутарды каттоо департаментине ɵз арызы менен кайрылуу жагы сунушталсын.
3.Маалыматта кɵрсɵтүлгɵн ɵз алдынча ар түрдүү багытта пайдалануу үчүн жер аянттарын ээлеп алган атуулдар боюнча кошумча тактоо иштерин жүргүзүү жагы комиссиянын курамына тапшырылсын.
4.Мурдакы «Улуу-Тоо» жылытма комплекси иайдаланып келген, 1998-жылдын 15-январынан бери «Жетиген-Ноокат» уроончулук дыйкан чарбасынын балансасында турган, такталгандан кийинки 18,3 га жер аянты «Башка жерлер» категориясынан 15,19 гектары «Калктуу конуштар», 3,11гектары «Коп жылдык бак дарактар» категориясына которулсун.
5.«Калктуу конуштар» категориясына которулган 15,19 га жер аянтын калктуу конуштарды жайгаштыруу боюнча пландаштыруу жагы Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын
6.Жайылма айылынын тургундарынын 2011-жылдын 29-апрелиндеги №3 протоколу бекитилсин. (протокол жети баракта-тиркелет).
7.«Жетиген-Ноокат» уроончулук дыйкан чарбасынын 2011-жылдын 29-апрелиндеги №1 протоколу бекитилсин. (протокол бир баракта-тиркелет).
8.Жайылма айылынын тургундарынын талап жана муктаждыктарып эске л Жайылма айылынын аймагында жайгашкан № 1465-контрундагы «Калк.)) -конуштар» учун пландаштырылган 3,7 га жер аянтынан «Жетиген-Ноокаь> уроончулук дыйкан чарбасынын 2011-жылдын 29-апрелиндеги №1 протоколу нун, Жайылма айылынын тургундарынын 2011-жылдын 29-апрелинеги жалпы жыйынынын №3 протоколунун негизинде онор-жай ишкананларын куруу учун «Жетиген-Ноокат» уроончулук дыйкан чарбасынын жеке менчигине 3 га жер аянты ажыратып беруу жагы Тоолос айылдык округунан суралсын.
9.Жайылма айылынын тургуну, «Жетиген-Ноокат» уроончулук дыйкан чарбасынын жетекчиси Мурзаев Баратаали Асанбаевичке ажыратылып берилген жер аянтына 3-жылдык мɵɵнɵт ичинде аталган жер аянтына ɵнɵр жай багытындагы ишкана куруу ишке киргизүү жагы милдеттендирүү менен 3-жылдык мɵɵнɵттɵ жер аянты максаттуу пайдаланылбаса, жер аянты кайрадан айылдык округунун балансасына алынып койулуусу эскертилсин.
10. Ушул токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
11. Токтомдун аткарылуусун кɵзɵмɵл кылуу Тоолос айылдык округунун айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, айыл жана суу чарба экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.