Загрузка документа…
ТƟƟЛƟС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-апрели № 21-8
Герейтшорон айылынын борборундагы Өрнөк-Муркут авто жолунун күн батыш тарабында жайгашкан, 1980-жылдары айылды жашылдандыруу максатында олтургузулган, эскилиги жеткен өрүктөрдүн ордуна спорттук комплекстин курулушун пландаштырылып жаткандыгына байланыштyy, 15 түп өрүктү жана 1 түп тытты кыюууга уруксат берүү жөнүндө
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Герейтшорон айылынын борборундагы Өрнɵк- Муркут авто жолунун күн батыш тарабында жайгашкан, 1980-жылдарда айылды жашылдандыруу максатында ашар жолу менен олтургузулган, эскилиги жеткен ɵрүктɵрдүн ордуна спорттук комплекс курулушу пландаштырылып жаткандыгына байланыштуу, 15 түп өрүктү жана 1 түп тытты кыюууга уруксат берилсин.
2.Герейтшорон айылынын борборундагы Өрнөк- Муркут авто жолунун күн батыш тарабындагы ɵрүк багын ордуна спорттук комплекс курулушу пландаштырылып жаткандыгына байланыштуу, 15 түп өрүктү жана 1 түп тытты кыюууга уруксат берүү жагы Ош аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо инспекциясынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин "Айыл суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш онор жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча" туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тɵɵлɵс айылдык округунун айылдык кенештин тɵрагасы |
А. Эргешов |