Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-августу № 22-2
Калктуу конуштарга жер участогун менчик же ижарага укуктарын акы төлөө менен берүү боюнча комиссия курамы жана калктуу конуштарга жеке менчик турак үй салуу үчүн жер участогун беруү боюнча комиссиянын курамына ɵзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Төөлөс айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айылдык округунун Жер адиси А. Камбаралиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Калктуу конуштарга жер участогун менчик же ижарага укуктарын акы төлөө менен берүү боюнча комиссия курамы жана калктуу конуштарга жеке менчик турак үй салуу үчүн жер участогун берүү боюнча комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизилсин.
2.Айылдык округунун Жер адиси А. Камбаралиев башка башка ишке кеткендигине байланыштуу комиссиянын курамына Кеңеш Өрнɵк айылдарынын айыл башычысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Ахмедов Сали жана Жооптуу катчы Насиров Базарбай башка ишке кеткендигине байланыштуу, Жооптуу катчынын убактылуу милдетин аткаруучусу Н. Аширматов киргизилсин.
3.Токтомдун аткарылышына көзɵмөлдөɵ жагы айыл чарба турак жай боюнча туруктуу комиссиясына тапшырсын.
Тɵɵлɵс айылдык Округунун айылдык кеңештин тɵрагасы |
А. Эргешов |