Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-августу № 22-4
Тɵɵлөс айылдык округунун 2011-жылдын 4-июлундагы № 65-токтомун бекитүү жөнүндө
Төөлөс айылдык округунун 2011-жылдын 4-июлундагы айылдык округунун Жабылы жаңы конушуна мектеп куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү № 65-токтомун карап жана талкуулап Төөлөс айылдык округунун айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төөлөс айылдык округунун 2011-жылдын 4-июлундагы айылдык округунун Жабылы жаңы конушуна мектеп куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жɵнүндөгү № 65-токтому бекитилсин.
2.Жабылы жаңы конушуна мектеп куруу үчүн 0.70 гектар жер аянты ажыратылып берилсин.
3.Жер аянтына тиешелүү болгон архитектуралык иш кагаздарын жана жер аянтына болгон менчик укугун каттап берүү жактары Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура жана кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыктарынан суралсын.
4.Токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Төөлөс айылдык округуна тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылуусун көзөмɵл кылуу жагы айылдык кеңештин айыл чарба, турак жай боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тɵɵлɵс айылдык округунун айылдык кеңешинин тɵрагасы |
А. Эргешов |
|
|