Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-февралы № 23-1
Т. Кулатов айылдык округунун аймагындагы «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык акционердик коомуна, күрөөгө коюуу үчүн жер аянттары боюнча маселе жөнүндө
«Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык акционердик коомунун жетекчиси Ю.А. Усольцевтин Т. Кулатов айылдык округунун аймагындагы келишимдин негизинде иштетип жатышкан жер аянттарын күрөөгө коюуу жөнүндөгү катын карап жана талкуулап Т. Кулатов айылдык округунун депутаттардын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык акционердик коомуна Т. Кулатов айылдык округунун аймагына тиешелүү болгон келишимдин жана ижаранын негизинде иштетип жатышкан жер аянттарын күрөөгө коюууга макулдук берилбесин.
2. Мурдатан түзүлгөн келишимдер, ижара акылар, эн аз коэффицентте төлөнүп келгендиги белгиленип, бир тараптуу бузулсун.
3. «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык акционердик коому Ноокат райондук мамлекеттик салык инспекциясынан катоодон өтүлүшү суралсын..
4. Келишимдерди түзүүдө мыйзамдуулугун, аткарылышын жана көзөмөлдүк кылуу жагы бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
5. Жаныдан түзүлө турган келишимдерди кайра тактап жана 2011-жылга карата толук кандуу иш алып кетүү жагын көзөмөлдүк кылуу жана аткаруу жагы Т. Кулатов айылдык округунун жетекчилигине тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |