Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-февралы № 23-8
Т. Кулатов айылындагы «Жал» айылдык ооруканасынын көмөкчү чарбаларынын чатырларын ондоо жөнүндө
Т.Кулатов айылдык округунун Ноокат аймактык ооруканасынын «Жал» айылдык бөлүмүнүн дарыгери, айылдык Кенештин депутаты Ф.Гайназарованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Т.Кулатов айылдык округунун депутаттарынын айылдык Кенеши v
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Кулатов айылдык округундагы Жал айылдык ооруканасынын дарыгери, айылдык кеңештин депутаты Ф. Гайназарованын билдирүүсү канаатандырылсын.
2. Оорукананын айланасындагы, ооруканага тиешелүү болгон 150 даана теректерди кыйып, АРИС проектисин иш жүзүнө ашыруу максатында жана өздүк салымды төлөө үчүн, айылдык инвестиция кызматкерлерин каржылоо, оорукананын көмөкчү чарбаларынын чатырларын ондоп, жабуу үчүн кыйып, сатууга уруксат берилсин.
3. Кыйылган теректерди келишим баада оорукананын жамаатынан, айылдык кеңештин депутаттарынан жана айылдык округтун финансы-экономика бөлүмүнүн адистеринен түзөлгөн комиссиянын көзөмөлдөөсүндө сатылсын.
4. Тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жана райондук экология бүлүмүнө билдирилип, уруксат берүүчү документтерди тактап берүү жагы Т.Кулатов айылдык округнунун жетекчилигине тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |