Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-февралы № 23-9
Т. Кулатов айылдык округунун Кожо-Арык айылына спорттук комплекс жана мечит куруу жөнүндө
Т. Кулатов айылдык округунун Кожо-Арык айылынын элдеринин арыздарын канаатандыруу максатында айылдык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу жөнүндөгү депутаттрдын Ноокат райондук Кенешинин депутаты А.Топчубаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Т. Кулатов айылдык округунун депутаттардын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык округундагы Кожо- Арык айылынын элдеринин арызы, айылдык инфраструктураны өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу жөнүндөгү депутаттардын Ноокат райондук Кенешинин депутаты А.Топчубаевтин билдирүүсү канаатандырылсын.
2. Курулуп бүтүрүлбөй калган Кожо-Арык айылындагы Бекиев орто мектебинин ордунан 0,40 га жер аянтты спорттук комплекс жана мечит куруу үчүн жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Тиешелүү юридикалык жана архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Т. Кулатов айылдык округнунун жетекчилигине тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |