Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-февралы № 25-2
Т. Кулатов айылдык округунун 2011-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Т. Кулатов айыл округугунун 2011-жылга жергиликтүү бюджети жөнүндөгү маселе айылдык. Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып Т. Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Кулатов айыл округунун 2011-жылга бюджетин түзүү учурунда жетишеиздиктер белгиленип, 2011-жылга айыл округдун бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн чыныгы миңималдуу керектөөсү бюджеттик мекемелердин берген долбоорунун негизинде 17475,3 миң сом өлчөмүндө аныкталсын. Т. Кулатов айыл округунун 2011-жылга бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча контролдук суммасы 17475,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2011-жылга айыл округдун бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары №1-тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. 2011-жылга айыл округдун бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн багыттары №2-тиркемеге ылайык аныкталсын.
4. 2011-жылга айыл округтун бюджетине Республикалык бюджеттен берилүүчү категориялдык жана тендештирүүчү гранттардын өлчөмү №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Айыл округдун бюджеттик мекемелердин чыгашаларынын айрым бөлүмде: боюнча 2010-жылы каржыланбай калган чыгымдары 2011-жылдын бюджетинин эсебинен жана анын чегинде жүргүзүү сунуш кылынсын.
6. 2011-жылдын 1-январына карата айыл округунун бюджет боюнча кассада жүгүртүлүүчү нак акча 147,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдүк кылуу жагы Т. Кулатов айылдык кеңештин бюджет, экономика, соода жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |