Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-апрели № 25-3
Т. Кулатов айыл округунун аймагында жашаган Улуу Ата-Мекендик согушунун, Чернобль кырсыгынын катышуучуларын, эмгек майыптарын жана пенсионерлерди тамарка салыгынан бошотуу жөнүндө
Т. Кулатов айыл округунун аймагында жашаган Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларын, майыптарын , афган согушунун катышуучуларын, Чернобыль кырсыгынын катышуучуларын, эмгектин жана тубаса майыптарын, пенсионерлерди тамарка, таштанды салыктарынан бошотуу жөнүндө айыл округунун ага салыкчысы И.Каримовтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Кулатов айылдык округунун аймагында жашаган Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына, майыптарга, афган согушунун катышуучуларына, Чернобыльде кызмат өтөгөндөргө, эмгектин жана тубаса майыптарына, пенсионерлерге тамарка салыктарынан төменкү көрсөтүлгөндөргө женилдик берилсин:
а) Пенсионерлер - 1004
б) Көп балалуу үй-бүлөлөр- 749
в) Ата-Мекендик согуштун катышуучулары- 8
г) Афган согушунун, Чернобыль кырсыгынын катышуучулары- 20
д) Эмгек майыптары- 336
Жалпы женилдик берилген кожолук - 2117
2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук Кеңешинен суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика, финаноь боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов айылдык с-:.. жетекчилигине жүктөлсүн
Т. Кулатов айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |