Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-апрели № 25-5
Т. Кулатов айылдык округундагы Таш-Булак айылындагы жаны «Кулуштан» орто мектебинин жер аянттарын трансформациялоо жөнүндө
Т. Кулатов айылдык округундагы Таш-Булак айылындагы «Кулуштан» орто мектебинин директору Р. Омурзакованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Т. Кулатов айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык округтун Таш-Булак айылындагы «Кулуштан» орто мектебинин директору Р. Омурзакованын ооз эки билдирүүсү канаатандырылсын.
2. Аталган жаны курулган орто мектептин жер аянттары үлүш жер аянттарына киргендиктен трансформациялоо үчүн уруксат берилсин.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук кеңешинин суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т. Кулатов айылдык кеңештин жер аянттары боюнча туруктуу комиссиясына жана жер адисине тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |