Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-майы № XXVI-1
Т. Кулатов айыл округунун аймагындагы, "Түштүк-Кыргыз-Цемент жабык типтеги акционердик коомунан сатуудан түшкөн пайдага макулдук бөрүү жөнүндө
Т. Кулатов айыл округунун 2011- жылдын 18-майындагы жалпы элдик жыйындын чечиминин негизинде депутаттардын Т. Кулатов атындагы кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат районунун Т.Кулатов айылдык округуна караштуу жер аянттарын мыйзамсыз ээлеп турган "Түштүк-Кыргыз-Цемент "жабык типтеги акционеров коому Жогорку Сот тарабынан чечилгенге чейин, сатуудан түшкөн пайданын 50%ти Ноокат районунун Т.Кулатов айылдык округуна, 50%ти Кызыл-Кыя шаарына берүүгө макулдук берилсин.
2. Түштүк-Кыргыз-Цемент "жабык типтеги акционердик коомунан Кызыл-Кыя шаарына 2010-2011-жылдары жалпы товар сатуудан түшкөн салыктары Ноокат районунун Т. Кулатов айылдык округуна которуп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. "Түштүк-Кыргыз-Цемент " жабык типтеги акционердик коомуна тиешелүү мүлктөн түшүүчү мүлк салыктын 50%ти ( К.Р.Салык Кодексинин 323 беренесине ылайык) Т.Кулатов айылдык округуна берүү милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |