Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-майы № XXVI-2
Т. Кулатов айыл округунун ИСКАКБ "Апшыр-Таза-Сууга" акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Т. Кулатов айыл округунун ИСКАКБ "Апшыр-Таза-Суунун" жетекчиси А. Ажибаевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Т. Кулатов атындагы кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат районунун Т.Кулатов айылдык округунун ИСКАКБ "Апшыр-Таза-Суу" менен 18.02.2009 жылдагы № 6-242-50 сандуу төрт тараптуу түзүлгөн келишимдин негизинде пайдалынган таза суу үчүн элдин салымындан 5% пайыздык салымы Кыргыз Республикасынын Каржы министирлигинин алдындагы экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондуна төлөнүп берилсин.
2. Т.Кулатов айылдык округунун жергиликтүү бюджетинен 2011 жылда түшкөн 283,0 мин сом акча каражаты карызды төлөө үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Т.Кулатов айылдык округунун жетекчиси А.Эргешовко тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |