Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-майы № 28-2
Т. Кулатов айылдык округунун кеңешинин 2011-жылдын 23-апрелиндеги сессиясынын № 25-2-токтому менен бекитилген 2011-жылдын айылдык округтун бюджетти жана 2012-2013-жылдарга айылдык округтун бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндөгү токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын «Кыргыз Роспубликасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү » №78 жана «2009-жылдын республикалык бюджети жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык 2009-жылдын жыйынтыктоо үчүн бекитилген айылдык бюджеттин киреше жана чыгаша тарабына толуктоолор айылдык кеңештин «Экономика .бюджет ,соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясында карылып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Кергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 27- беренесинин 5-пунктуна ылайык депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Кулатов айылдык округундагы ИСКАКБ «Абшыр-Таза-Суу» ишканасына элдин экинчи 5 %тик кайтарымынын карызын төлөө үчүн 280 миң сом, 25 миң сом калган акча каражатын Т.Кулатов айылдык округунун адистеринин командировкалык чыгымдарына бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Т. Кулатов айылдык округунун ФЭБ башчысы А. Каримовко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т. Кулатов айылдык кеңештин «Экономика .бюджет .соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |