Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-сентябры № XXIX-4
Т.Кулатов айылдык округунун Кызыл-Булак айылындагы К.Надиров орто мектебинин 1чиден-5чи класстагы аралыктагы окуучуларын 5 күндүк окууга ченемине өткөрүү жөнүндө
Т. Кулатов айылдык округунун Кызыл-Булак айылындагы К.Надиров орто мектебинин директору Т.Абдырахманованын билдирүүсүнүн негизинде жана жазган арызын канаатандыруу максатында депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Кулатов айылдык округунун Кызыл-Булак айылындагы К.Надиров орто мектеби 2011жылдын 19 июль күнү болгон катуу жер титирөөдөн жапа тартып окуучуларды окутуу үчүн мекетеп имараты талапка жол бербегендигин белгиленсин.
2. Т.Кулатов айылдык округунун Кызыл-Булак айылындагы К.Надиров орто мектебинин 1чи класстан 5чи класска чейинки окуучуларды 6 күндүк окуу тартибинен 5 күндүк окуу тартибине өткөрүп окутуу үчүн макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жана аткаруу жагы - К.Надиров орто мектебинин директору Т.Абдырахмановага тапшырылсын.
4.Токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук Кенешинен жана райондук элге билим берүү жетекчилигинен суралсын.
Т. Кулатов айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |