Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14-сентябры № XXX-1
Т. Кулатов айылдык округунун 11.10.2011жылдагы №122 сандуу токтомундагы Кызыл - Булак айылындагы жер титирөдөн жабыр тарткан К.Надиров атындагы орто мектебине жаны курула турган мектептин ордуна кошумча 0,35 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө
Т.Кулатов айылдык айылдык округунун Кызыл-Булак айылындагы К.Надиров орто мектебинде окуган окуучулардын жанан мектеп директору Т. Абдракманованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Т. Кулатов айылдык Кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык округунун Кызыл-Булак айылындагы Куумайдан участкасындагы К.Надиров атындагы орто мектебинин түндүк тарабындагы мурунку автогараждын жанындагы пайдаланылбаган, бош, муниципалдык менчикте турган скважинанын ордунан 0,35 га жер аянты мөөнөтсүз пайдаланууга ажыратылып берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун көчүрмөсү депутаттардын Ноокат райондук кеңешине жана райондук билим берүү башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык округунун жер адиси Ж.Муратовко тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |