Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-октябры № XXXI-2
Т.Кулатов айылдык округунун борбордук спорт майданына Мойдунов Сейдалинин атын ыйгарып берүү жөнүндө
Т.Кулатов айылдык айылдык округунун жетектөөчү адиси Н.Сайпидиновтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов айылдык округунун Кызыл-Булак айылындагы борбордук спорт майданына «Т. Кулатов айылдык округунун Мойдунов Сейдали атынындагы спорт майданы» деп аталсын.
2. Борбордук «Т. Кулатов айылдык округунун Мойдунов Сейдали атынындагы спорт майданын» айлана - чөйрөсүн көрктөндүрүү, ондоп-сырдап кароо, даталуу күндөрү спорттук мелдештерди уюштуруу жагы Мойдунов Сейдалинин туугандарына милдеттендирилсин .
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык округунун жетекчиси А.Эргешовко тапшырылсын.
Т. Кулатов айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |