Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-ноябры № XXXII-1
Т. Кулатов айылдык округунун №132 сандуу 17.11.2011. жылдагы токтомундагы Кызыл-Булак айылынын тургуну жеке ишкер, Мадалиев Жунусалиге кичи кыш заводун куруу жана топурак карьер үчүн жер аянтын ажырытып берүү жөнүндө
Т. Кулатов айылдык округунун жер адиси Ж.Муратовдун жана жер комиссиясынын төрагасы А.Ажибаевтин билдирүүсүн угуп жана талкулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Т. Кулатов айылдык округунун «Боз» участкасынын «Беш-Салаа» бөлүмүндөгү кайра бөлүштүрүү фондусунан кайрак айдоо жерден 2,1 га кыш заводун куруу үчүн, кайра бөлүштүрүү фондусунан 16,9 га-кайрак айдоо жана 7 га таштак жайыт жерден топурак карьери үчүн убактулуу 7 (жети) жылга ижарага ажыратылып берилсин.
2 Ажыратылып берилген жер аянттрына келтирилген зыяндын жана өндөрүлбөй калган пайданын ордун толуктап берүү, жерге тиешелүү болгон жер салыктарын, ижарага акыларды өз убагында төлөп берүү жеке ишкер Мадалиев Жунусалиге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кенештин жер аянтар боюнча туруктуу комиссиясына жана жер адисине тапшырылсын.
4 Ушул токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук кенешинен сур ал сын.
Т. Кулатов айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |