Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-декабры № XXXIII-3
Т. Кулатов айылдык округунун чек араларын белгилөө жана тактоо боюнча аткарган иштерди бекитип берүү жөнүндө
«Кыргызмамжердолбоор» институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкананын Т.Кулатов атындагы айылдык округунун чек араларын белгилөө жана тактоо боюнча аткарган иштерин карап чыгып, депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызмамжердолбоор» институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишкананын Т.Кулатов атындагы айылдык округунун чек араларын белгилөө жана тактоо боюнча аткарган иштери жана айыл округунун 13 декабрь 2011 жылдын декабырындагы № 138 сандуу токтому жактырылсын жана белгиленген чегаралар баяндамага негиз бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айылдык округунун жер адиси Ж. Муратовко жана айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
Т. Кулатов айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |