Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-декабры № XXXIII-4
Т. Кулатов айылдык округунда табигый кырсыктардан жабыр тарткан атуулдарга турак жай куруу үчүн жер аянттарын ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар Министирлигининин 23.08.2007 жылдагы № 359 токтомуна ылайык жана текшерүүлөрдүн жыйынтыгынын негизинде түзүлгөн актыны карап чыгып жана жерге жайгаштыруу боюнча адис Ж.Муратовтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айылдык окргуна караштуу табигый кырсыктардан жабыр тарткан атуулдарга (тизмеге негиз) 0,10 гадан турак жай куруу үчүн жалпысынан 1 (бир) га жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айылдык округунун жер адиси Ж.Муратовко жана айылдык Кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтомду бекитип берүү жагы депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
Т. Кулатов айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Абдиллаев |