Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-декабры № XIX-7
Кыргыз-Ата айылдык округунун Таш-Булак бөлүмүнөн "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомуна 220 кв.жогорку чыналуудагы электр линияларын курууга жер участокторун берүү жөнүндөгү айылдык округдун 2011-жылдын 26-декабрындагы № 98 токтомун бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айылдык округдук кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округуна караштуу Таш-Булак бөлүмүндөгү айдоо жерлердин № 387 жана 341-контурларынан 220 кв. жогорку чыналуудагы электр линиясын тартып өткөрүүгө 608 м2 жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү айылдык округдун 2011-жылдын 26-декабрындагы № 98 токтому бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык округдук кеңештин агрардык, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Ушул токтомду бекитип берүү депутаттардын Ноокат райондук кеңешинен суралсын.
Кыргыз-Ата айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Таиров |