Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-декабры № XIX-9
Көтөрмө айылындагы маданият сарайындагы "Бакыт үйүн" көп жылдык мөөнөткө арендага алуу боюнча Марипова Караматтын арызын кароо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Марипова Караматтин арызын, билдирүүсүн жана чыгып сүйлөгөндөрдүн сөздөрүн угуп, талкуулап
Кыргыз-Ата айылдык округдук кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык округундагы Көтөрмө айылындагы маданият сарайындагы "Бакыт үйү" Көтөрмө айылынын тургуну Марипова Караматка жети жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.
2. Бакыт үйүн ижарага алуу боюнча техникалык документацияларды даярдап алуу Марипова Караматка тапшырылсын.
3. Бакыт үйүн ижарага берүү боюнча келишимди түзүү айылдык округдун ФЭБ башчысы Б.Аматовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык округдун экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кыргыз-Ата айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Таиров |