Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25 апрели № XIX-1
Ноокат шаардык кеңешинин 2009-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга шаардык кеңешинин бюджетин бекитүү жөнүндө
Ноокат шаардык кеңешинин 2009-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2010-жылдын бюджета жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын 2011-жылга Республиканын бюджета жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жыл үчүн иштеп чыгылган бюджеттин долбоорун шаардык кеңештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет экономика жана финансалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинде тийиштүү мекеме уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен каралып такталгандыгын, туруктуу комиссия тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде Депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011 жылга Ноокат шаардык кеңешинин бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча 37741,2 миң сом эсебинде жыл ичиндеги өзгөрүүлөрү менен бекитилсин.
2. 2011-жылга Ноокат шаардык кеңешинин бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ноокат шаардык кеңешинин бюджетин чыгашалары боюнча багыттар №2 тиркемеге ылайык аныкталсын.
4. Нооктат шаардык кеңешинин бюджетинин чыгаша бөлүгүн 2011-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте негизги статьяларга (эмгек акы, соц.фондго чегерүү, тамак-аш жана социалдык женилдиктерге) каржылануу белгиленсин.
5. Ноока шаардык кеңешин 2009-жылдагы бюджетинин кирешелер бөлүгү 36174.4 мңи сомго чыгаша бөлүгү 36043,6 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
6. Шаарлык кеңешинин бюджетине Республикалык бюджеттен берилүүчү максатуу гранттардын өлчөмдөрү 2011-жылга билим берүү тармагына каржылooго жумшалсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат айылдык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаарлык кеңешинин төрагасы |
Н. Махбузов
|