Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-апрели № XIX-3
Ноокат шаарынын Ош, Кызыл-Кыя жана Мирмахмудов көчөлөрүнө бир тараптуу автоунаалар туруучу жай уюштуруу жөнүндө
Ноокат районунун айыл өкмөттөрүнөн шаардагы базарга келген айдоочулар шаарда автоунаалар коюучу жайдын жоктугуна дайыма нараазы бодуп келишүүдө. Айдоочулар тараптан көптөгөн оозеки кайрылуулар болуп жаткандыгын эске алып депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын Ош, Кызыл-Кыя жана Мирмахмудов көчөлөрүнө бир тараптуу атайын автоунаалар туруучу жай уюштурулсун.
2. Автоунаалар туруучу жайда ар бир автоунаа турууга ылайыктуу линия жүргүзүү, тазалоо, уюштуруу иштерин камсыз кылуу жагы (квитанция, патент) келишим түзүү Ноокат шаар башкаруусунун ФЭБ-нун башчысына М. Нарматовго, Ноокат шаар башкарусунун башчысынын орун басары М.Турабаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин опор жай, курулуш, транспорт, комуникация, кичи ишканалар. экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ноокат шаарлык кеңешинин төрагасы |
Н. Махбузов
|