Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-апрели № XIX-4
Ноокат шаардык кеңешинин 2009-жылдагы атайын эсебиндеги бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга шаардык кеңешинин атайын эсебиндеги бюджетин бекитүү жөнүндө
Ноокат шаардык кеңешинин 2009-жылдагы атайын эсебиндеги бюджетинин аткарылышы жана 2010-жылдын атайын эсебиндеги бюджет жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын 2011-жылга Республиканын атайын эсебиндеги бюджета жөнүндөгү мыйзамдын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жыл үчүн иштеп чыгылган атайын эсебиндеги бюджеттин долбоорун шаардык кеңештин билим берүү, саламатгыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансалык маселелер боюнча туруктуу компссиясы жана тийиштүү мекеме уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен каралып такталгандыгын туруктуу комиссия тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде Депутаттарды Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылга Ноокат шаардык кеңешинин атайын эсебиндеги бюджетин кирешелери жана чыгашалары боюнча 1565,0 миң сом эсебинде бекитилсин.
2. 2010-жылдын жыяынтыгы менен ашыкча түшкөн 88,4 миң сом киреше 2010-жылдын 1- кварталында кошуп иштетүү жагы белгиленсин.
3. Ноокат шаардык кеңешинин бюджегин чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
4. Ноокат шаардык кеңешинин 2009-жылдагы бюджетинин кирешелер бөлүгү 1336,0 миң сомго, чыгаша болүгү 1336,1 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин
5. Ушул токтомдун азкарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаарлык кеңешинин төрагасы |
Н. Махбузов
|