Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-октябры № XXIV-2
Ноокат шаардык кеңешинин депутаты А.Талиповдун аткарган иштери боюнча депутаттык отчету жөнүндө
Ноокат шаардык кеңешинин депутаты А. Талиповдун аткарган иштери боюнча депутаттык отчету жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин (II - шайланган) кезектеги XXIV сессиясынын заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык кеңешинин депутаты А.Талиповдун аткарган иштери боюнча депутаттык отчету эске алынсын.
2. Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин бардык депутаттарына Ноокат шаардык мэриясына жарандардын кайрылууларын, шайланган депутаттардын арыздарын убагында жана сапаттуу кароону камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Президентинин, КР Премьер-Министринин Мыйзамдарына ылайык иш алып, мезгил-мезгилинде алар алдында отчет берип туруусу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, маданият, спорт, туризм, жаштар жана өз алдынча башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылысын
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрайымы |
Б. Калдарова |