Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-октябры № XXIV-3
Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын өзгөртүүлөрү менен такталган бюджетин бекитүү жөнүндө
Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттердеги кошумча кирешелерди жана бюджетти аткаруу процессинде жүргүзүлгөн чыгымдардан үнөмдөлгөн сумманы пайдалануу тартиби боюнча Ноокат шаардык Кеңешинин 2011 -жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын өзгөртүүлөрү менен такталган бюджетин бекитүү максатында депутаттардын Ноокат шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө 1998-жылдын 11-июнундагы №78, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» 2003-жылдын 25- сентябрындагы № 215 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Ноокат шаардык кеңешинин 2011-жылдын 9- айыдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражаттын киреше жана чыгашасы 557,8 миң сом эсебинде бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Ноокат шаардык кенешинин бюджетинин чыгаша бөлүгүн, 2011-жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн кирешенин эсебинен №2 балдар бакчасын жылытуу системасын жаңылоо үчүн кошумча 258978 сом, Самиев атындагы орто мектептин айланасын тосуу жана көпүрө куруу үчүн кошумча 117850 сом, Крупская атындагы орто мектебине ажааткана куруу үчүн кошумча 32697 сом, туалетке бара турган тротуарга жана мектепке кошумча эшик куруу учун 38000 сом, бардыгы болуп 447525 сом чыгымдар үчүн каржылануу белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, соода, бюджет, экономика жана финансалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин төрайымы |
Б. Калдарова |